Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

Украинада депутаттардын кол тийбестиги чектелет


Жогорку Рада.
Жогорку Рада.

Украинада Жогорку Рада 3-сентябрда Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алды.

Документте парламент депутаттарынын кол тийбестигин чектөө, тактап айтканда Баш мыйзамдагы «Жогорку Раданын макулдугу жок депутаттарды кармап-камаганга, кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт» деген беренени алып салуу каралган.

Бул мыйзам долбоорду парламенттин мурдагы чакырылышына ошол кездеги президент Петро Порошенко жөнөткөн.

Өлкөнүн Конституциялык соту былтыр июнь айында «мыйзам долбоору Конституцияга каршы келбейт» деген бүтүм чыгарган.

Украинанын Баш мыйзамына ылайык депутаттар парламентте жана андагы органдарда сүйлөгөн сөзүнө, билдирүүлөрүнө, добуш бергенине байланыштуу юридикалык жоопкерчиликке тартылбайт. Бирок мазактоо жана каралоо боюнча айыпталса, анда ага укуктук баа берилет.

XS
SM
MD
LG