Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Башкы прокуратура: «7-апрель шейиттери» мечити камакка коюлган эмес


«7-апрель шейиттери» мечити.
«7-апрель шейиттери» мечити.

Башкы прокуратура «7-апрель шейиттери» мечити камакка коюлбаганын маалымдады. Андан алынган маалыматка караганда, учурда мечиттин ишмердүүлүгүнө эч кандай тоскоолдук болгон жок. Башкы көзөмөл органы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бул мечитти кайсы каражатка салганы гана текшерилип жатканын белгилейт.

Коррупцияга байланыштуу мурдагы президентке карата козголгон кылмыш иштерин тергөө учурунда №7 кичирайондо жайгашкан бул мечитти Атамбаев салганы аныкталган. Мечиттин аянты бир гектар. Ал участок «Форум» фирмасына караштуу болгон.

«7-апрель шейиттери» мечити 2019-жылдын апрель айында ачылып, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан. Ал мечитти жаңылап кайра курууга достору жардам бергенин билдирген.

Алмазбек Атамбаев 7-8-августта атайын операциядан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 26-октябрга чейин узартып, УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлган. (TSh)

XS
SM
MD
LG