Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы үчүн 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталат. Алгачкы оюн катары «ак шумкарлар» Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын курама командасы менен беттешет.
Бул оюнга даярданыш үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин курама командага 23 оюнчуну чакырган. Команданын даярдыгы 1-сентябрда башталып, алгачкы машыгуусу Кант шаарында өттү.
5-сентябрда боло турган оюнга Тажикстандын курама командасы да кызуу даярдык көрүүдө. Команданы учурда өзбекстандык машыктыруучу Усмон Тошиев машыктырып жатат. Ал курама командага 25 оюнчу чакырылган. Тажикстандын курама командасы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычына даярдык катары, Ооганстандын жана Сириянын курама командалары менен жолдоштук беттеш өткөрдү.
Тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна жана 2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатынын акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.