Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Турсунбеков Текебаевдин айткандарына жооп кайтарды


Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков «Ата Мекен» партиясынын үй камагына чыккан лидери Өмүрбек Текебаевдин айткан сөзүнө жооп кайтарды. Турсунбеков «Азаттыкка» комменттарий берип жатып, абактан чыккан саясатчынын абалын түшүнүү менен кабыл аларын белгиледи. Анын айтымында, Текебаев камакка алынган соң анын таламын талашмакчы болуп Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жетекчилери менен мамилеси бузулган.

- Азыркыдай кырдаалда адамдардын көңүлү назик болот. Аны түшүнүү менен кабыл алам. Бирок Өмүрбек Чиркешович тууралуу менин позициям ошол кездеги командамдын ичинде ар дайым белгилүү болчу. Ал учурда Текебаевдин өзүнүн командасынын айрым мүчөлөрү качып калган. Мен ошон үчүн өз партиялаштарым менен жаман-жакшы көрүнүп, мени Текебаевге жабыштырган сөздөр болгон. «Чыныбай Чиркешович» деп каймана ат коюу да бекеринен келип чыккан эмес. Текебаев абакка түшкөн соң анын туугандары, жакындарына болгон кысым учурунда аларды коргойм деп жаман-жакшы көрүнгөндү ал жакшы билсе керек. Болгону ошол кезде муну ачык айтып чыккан эмесмин, анткени ал популизм болуп калмак, - деди Турсунбеков.

Турсунбеков Текебаев менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мамилесин жакындаштырууга бир топ аракет кылганын да кошумчалады.

2-сентябрда Өмүрбек Текебаев Жалал-Абаддын Акман айылында тарапкерлери менен жолуккан маалда камакка алынганга чейинки абалга токтолуп, парламенттеги санаалаш деп саналган депутаттар өз позициясын айтпай койгонун билдирген.

- 2016-жылы Атамбаев менен чабышып жаткан учурда бизге эптеп шылтоо таап камасам дегени белгилүү болгон. Ошондо мен трибунадан сөз сүйлөп жатканда: «Иса, мурда чогуу болбодук беле, ай, Чыныбай дос эмес белек. Колдоп койгула», - деп кайрылгам. Алардын бири да «туура эмес болуп жатат» деп айткан эмес, - деген Текебаев.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн. Кийинки соттук жараян 12-сентябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG