Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:15

Өкмөттүн парламенттеги жаңы өкүлү ишин баштады


Алмасбек Абытов.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү катары Алмасбек Абытов ишин баштады. Бул тууралуу 4-сентябрдагы парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков билдирди.

Өкмөттүн парламенттеги буга чейинки өкүлү Ашырбек Темиралиев быйыл июль айында каза болгон.

53 жаштагы Алмасбек Абытов буга чейин өкмөттүн парламенттеги өкүлчүлүгүндө эксперт болуп иштеп келген. Ал 2010-2011-жылдары Социалдык өнүктүрүү министри болуп эмгектенген болчу. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG