Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:12

Асрандиев куткаруу операциясына кеткен чыгымды төлөп берди


Эркин Асрандиев аман-эсен табылган учур.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев 31-августта Ысык-Көлдө сүзүү маалында куткаруу операциясына кеткен чыгымды төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз катчысы Бегимай Азимжанова билдирди. Анын айтымында, Асрандиев өзү куткаруу боюнча операцияга катышкан, колдогондорго ыраазычылык билдирди. Операцияга 17 куткаруучу тартылып, атайын ыкчам штаб түзүлгөн. Ага жергиликтүү бийлик органдары 600 литр, Мамлекеттик резиденция 400 литр бензин короткон.

«Операцияга кеткен бардык чыгымдар төлөндү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ар дайым кыла жүргөн иши катары кеткен чыгымды калыбына келтирүүдөн баш тартты. Эркин Шамшудинович аларга суучулдар кие турган атайын кийим белек кылды», деп жазды Азимжанова «Фейсбуктагы» баракчасына.

31-августта Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө катышкан Асрандиев жана анын жанында коштоп жүргөн кайыктагы адам көлдөгү катуу толкунга кабылып, бирин-бири таппай калышкан. Сегиз сааттан ашуун дайынсыз болду. Аны издөө боюнча операцияны премьер-министр Мухеммадкалый Абылгазиев жеке көзөмөлүнө алган. Караңгыга калып, суу үстүндө 19 саатка жакын сүзгөн Асрандиев 1-сентябрга караган түнү, саат экилерге жакын Тоң районунун Бар-Булак айылындагы жээкке өзү сүзүп чыгып, аман-эсен табылган. Ал эми Асрандиевди Ысык-Көлдө сүзүп баратканда коштоп жүргөн Нарынбек Кемеловду куткаруучулар түнкү саат 12ге чукул, көлдүн ортосунан табышкан. (BkA)

Эркин Асрандиев табылган учурда тартылган видео. 1-сентябрь, 2019-жыл.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG