Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:09

КСДПнын сайтына хакердик чабуул коюлду


КСДПнын желеги.
КСДПнын желеги.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жактаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) сайтына (www.sdpk.kg) хакердик чабуул коюлду. Бул тууралуу партиянын «Фейсбуктагы» баракчасына жазылды. Анда сайттагы бардык маалыматтар өчүрүлүп калганы белгиленген жана партия бул үчүн бийликти күнөөлөгөн.

Партиянын сайты кечээтен бери ачылбай жатат.

КСДПны негиздеген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 7-8-августтагы атайын операциядан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 26-октябрга чейин узарткан.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG