Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Гүлмира Кудайбердиева министрлик кызматтан бошотулду


Гүлмира Кудайбердиева.
Гүлмира Кудайбердиева.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, Кудайбердиева кызматтан кетүү боюнча өзү арыз жазган.

Кудайбердиева 2016-жылдан бери министр катары эмгектенип келген. Ал башкарып турган учурда басылып чыккан окуу китебиндеги, айрым документтердеги каталар, тендерге байланыштуу бир топ сын-пикирлер айтылып келген.

Акыркы жолу Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы коомчулукта абдан чоң талкууну жараткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG