Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Сот Алмазбек Атамбаевди абакта калтырды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын карады. Ага жактоочулардан башкалар киргизилген жок. Адвокат Сергей Слесарев «Азаттыкка» билдиргени боюнча, сот алардын арызын канааттандырган жок. Башкача айтканда Биринчи май райондук сотунун Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтырган чечимин шаардык сот да күчүндө калтырды.

Ушул эле күнү Атамбаевдин кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча арызы каралып, сот аны да канааттандырган жок.

20-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапкан. Ошол эле күнү ошол эле сотто мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 26-октябрга чейин камакка алуу жөнүндө чечим чыккан. Сот анын бөгөт чарасын узартуу боюнча тергөөнүн арызын УКМКнын имаратында караган. Адвокаттар соттун чечимине макул эмес экенин, отурумдун атайын кызматтын имаратында өткөнү да мыйзамсыз экенин журналисттерге айтып, Жазык-процессуалдык кодекстин эрежелери бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG