Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:55

Келдибеков: Кытайдын Эксимбанкынан насыя алууга мажбур болчубуз


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча сот иши уланууда. Анда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков суралып, ЖЭБ боюнча келишимди кароодо өзүнө жана депутаттарга эч кандай басым болбогонун билдирди. Ал парламенттин макулдугусуз насыяны алуу мүмкүн эмес экенин жана инвестиция тартуу өкмөттүн негизги милдеттеринин бири болгонун белгиледи. Ошол эле учурда аны колдонуу жана көзөмөлдөө башка маселе экенин кошумчалады. Экс-спикердин айтымында, Кытайдын Эксимбанкы өлкө үчүн анча ыңгайлуу эмес болгон. Жеңилдиктер жок болгонуна карабай Кыргызстан андан насыя алууга аргасыз болгон.

Соттук процесстин жүрүшүшүндө «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин адвокаттары ЖЭБге кеткен чыгымды аныктаган эксперттерди жана эркин эксперттерди күбө катары суроону өтүнүштү.

Судья бардык материалдар сайтта бар экенин айтып, иликтөөнүн көчүрмөсүн талап кылуудан баш тартты. Ал эми айыпталуучулардан үч күн ичинде күбөлөрдү камсыз кылууну суранды.

2018-жылы кыш чилдеде ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөөдө коррупция бар экени аныкталып, мамлекет 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян тартканы айтылган.

Кармалгандардын арасында мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков баштаган жоон топ аткаминерлер бар. Айыпталуучу тараптар муну саясий куугунтук катары сыпаттап келатат. (BkA/КЕ)

XS
SM
MD
LG