Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Депутаттар Атамбаев менен жолугуп чыгышты


Алмазбек Атамбаевдин Орусияга жөнөгөн учуру. 24-июль, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаевдин Орусияга жөнөгөн учуру. 24-июль, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Карамат Орозова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыгышты.

Карамушкина «Азаттыкка» билдиргендей, Атамбаевдин абалы жакшы жана ал абакта кармоо шартына, ден соолугуна байланыштуу арызданган жок.

- Ал туура жолдо жүргөнүбүзгө ишенет. Ага карата коюлган 16 айыптын биринде да далил базасы жок экенин, ошондуктан тергөө менен кызматташпай турганын айтты. Ага жана анын тарапташтарына карата куугунтук болуп жатканына көзү жеткенин кошумчалады. Ал чындык биз тарапта экенине ишенет. Эң негизгиси - ал балдар үчүн тынчсызданууда, - деди Карамушкина.

Анын айтымында, Атамбаев камерада жалгыз отурат жана убактысын ар кандай темадагы китеп окуу менен өткөрүп жатканын билдирген. Алардын арасында Куран жана саясий китептер бар экенин сөз арасында белгилеген.

Ал депутаттар мындан сырткары КСДПнын мүчөсү, 7-8-августтагы окуялардан кийин кармалган Фарид Ниязовдон жана ЖЭБ иши боюнча камакта отурган экс-премьер-министр Сапар Исаковдон да кабар алышканын кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык соту адвокаттардын Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызын карап, канааттандырган жок. Муну менен сот мурдагы президентти 26-октябрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG