Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Казакстан: нааразылык акциялары өтүп жаткан Жаңы-Өзөндө аким алмашты


Жаңы-Өзөндө нааразылык акциялары ушул аптанын башында башталган.
Жаңы-Өзөндө нааразылык акциялары ушул аптанын башында башталган.

Бүгүн, 4-сентябрда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарынын акими болуп Максат Ибагаров дайындалды. Ал ушул кезге чейин «Өзөнмунайгаз» нефть компаниясынын башкы директорунун орун басары болгон. Ибагаровго чейин Адилбек Дауылбеков аким болуп эки жыл иштеди.

Жаңы-Өзөндө айыл чарба жана өнөр жай багытындагы биргелешкен 55 ишкананы ачуу боюнча казак-кытай өкмөттөрүнүн макулдашуусуна каршы, соңку үч күндөн бери нааразылык акциялары өтүп жатат. Алар президент Касым-Жомарт Токаевди эмдиги аптадагы Кытайдагы иш сапарынан баш тартууга чакырышууда.

Нааразылык акциясына чыккандар ишканаларды Кытай тарап эмес, жергиликтүү компаниялар курушу керек, келишимдин шарттары ачык айтылышы зарыл деп эсептешет.

Нур-Султан, Актөбө жана Чымкент шаарларында Жаңы-Өзөн шаарынын тургундарынын талабына тилектештик билдирген митингдер да өтүп жатат.

Казакстандын бийлик өкүлдөрү «митингге чыккандардын кооптонуусу негизсиз» деп билдирүүдө.

Соңку күндөрү Казакстанда Кытайга каршы маанай күчөдү. Буга Шиңжаңдагы казактардын абалы тууралуу маалыматтар кошул-ташыл болду.

XS
SM
MD
LG