Ирандын бийлиги Ормуз кысыгында кармалган Британиянын кемесинин экипажындагы жети адамды бошотту. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Аббас Мусави 4-сентябрда мамлекеттик телеканалда түз эфирде сүйлөп жатып, Тегеран мындай чечимди «гуманитардык себептен» улам кабыл алганын, бошотулган жети адамды кеменин капитаны тандап бергенин айтты.
Ирандын деңиз аскерлери 19-июлда Ормуз кысыгынан Британиянын эки кемесин кармашкан. Алардын бирөө Либериянын желеги менен бараткан жана көп өтпөй эле коё берилген. Ал эми британ желеги менен бараткан, ичинде 23 киши бар кеме Ирандын Бендер-Аббас деңиз портуна токтотулган. Мунун алдында Гибралтарда британ деңиз аскерлери Ирандын кара май ташыган танкерин колго түшүргөн. Бул кеме жакында эле коё берилди.
Кемелерге байланыштуу бул окуялар Тегеран менен Лондондун, дагы башка Батыш мамлекеттеринин ортосундагы мамиленин курчушуна алып келген.