Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:27

Москвада жоокерге кол көтөргөн деп айыпталган митингчи үч жылга соттолду


Кирилл Жуков сот залында.
Кирилл Жуков сот залында.

4-сентябрда Москва шаарындагы Тверь райондук соту 27-июлда нааразылык акциясына катышкан Кирилл Жуковду үч жылга эркинен ажыратты. Тергөөдө ага митинг маалында Улуттук гвардиянын жоокеринин туулгасын тартып жиберип, анын денесин ооруткан деп айып коюлган.

Судья өкүмдү окуп жатып: «Жуков жоокер бийлик өкүлү экенин сопсонун билген, кылмыштуу оюн ишке ашыруу максатында жоокердин туулгасын тартып алыш үчүн сол колу менен башка бир чапкан», - деп айтты.

Мамлекеттик айыптоочулар Жуковду 4,5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтиришкен. Жактоочулар болсо толугу менен актап, бошотууну суранышкан. Жуков сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып, судьядан шарттуу кесүүнү суранган.

Мындан бир күн мурун, 3-сентябрда Москвада соттор «Москва иши» боюнча кармалгандардын алгачкыларына өкүм чыгарды. Ага ылайык тартип коргоо органдарына күч колдонду деп айыпталган Иван Подкопаев үч, ал эми Данил Беглец эки жылга эркинен ажыратылды.

Москвада өткөн айда шаардык кеңешке шайлоого катталбай калган оппозициялык жана өз алдынча талапкерлерди колдоп миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары өткөн. Полиция көчөгө чыккандарды кууп тараткан жана ондогон адам камалган.

XS
SM
MD
LG