Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Осмоналиев: жооптуу кызмат орундарынын кадыры кетти


Гүлмира Кудайбердиева.
Гүлмира Кудайбердиева.

Кайсы тармак болбосун мамлекеттик түзүмдө иштеген жооптуу кызматкер өзүнүн мурдагы жасаган ишине жооп бербей кутулуп кетип, жооптуу кызматтардын кадырын кетирди. Бул тууралуу мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев министр Гүлмира Кудайбердиеванын кызматтан кетиши боюнча «Азаттыкка» комментарий берип жатып билдирди. Ал эгемен Кыргызстандын тарыхында далай өкмөт башчы кылган ишине жооп бербей кеткенин белгилеп, билим берүү жана илим министринин иштен кеткенин да ошонун бир элементи катары баалады:

- Финансылык каражаттарды 2010-жылдан бери каалаганча майкандап, жыйынтыгында жаңы курулган мектептен жок, сапаттуу китептен жок, техникалык каражаттан жок, эч нерсеге жооп бербей кетип атышат. Моралдык жоопкерчиликти да сезишпейт. Эгер министр «эртең жооп берип калам» деген ой менен жашаса мындай алешемдикке барбайт элек. Эми жаңы келген министрдин иштешине, реформа жасашына кыйын болуп калды. Анткени система толук талкаланган.

Осмоналиев кийинки министр өзү да, башканы да жедирбеген, эрки күчтүү, билим берүүнүн катуу күйөрманы болушу керек деп эсептейт.

4-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, Кудайбердиева кызматтан кетүү боюнча өзү арыз жазган.

Кудайбердиева 2016-жылдан бери министр катары эмгектенип келген. Ал башкарып турган учурда басылып чыккан окуу китептериндеги, айрым документтердеги каталарга, тендерге байланыштуу бир топ сын-пикирлер айтылып келген. Акыркы жолу Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулардын жаңы окуу жылын контейнерде окуп баштаганы коомчулукта чоң талкууну жараткан. Социалдык тармактарда «министр мурдагы кемчиликтер үчүн жооп бериш керек» деген пикирлер да айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG