Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Бабанов Финполицияга кайра сурак берип чыкты


«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) төрт сааттай сурак берип чыкты. Ал сурактан чыгып, банк иши боюнча тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бергенин маалымдады.

Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Финансы полициясында, азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан. Алардын ичинен учурда төртөөнүн чоо-жайы белгилүү. Калган иштер боюнча Бабанов өзү да, мамлекеттик мекемелер да маалымат бербей жатат.

Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыкты. Ал аталган мамлекеттик органдарда күн алыс алмак-салмак ар бир чакырылган сайын дээрлик беш сааттан суралууда.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон жана шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Быйыл 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG