Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Гонконгдун жетекчилиги талаштуу мыйзам долбоорун кайтарып алды


Керри Лам.
Керри Лам.

Гонконгдо бийлик кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоого жол ачкан талаштуу мыйзам долбоорун парламенттен кайтарып алды. Бул тууралуу 4-сентябрда шаар башчы Керри Лам телекайрылууда билдирди.

Оппозиция лидерлеринин бири Жошуа Вонг Керри Ламдын билдирүүсүнө байланыштуу «Твиттердеги» баракчасы аркылуу комментарий берип, «мыйзам долбоорун парламенттен кайтарып алуу өтө аздык кыларын жана өтө эле кеч болуп калганын» айтты.

Гонконгдо талаштуу мыйзам долбооруна байланыштуу миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары мындан үч ай мурун башталган. Анда Керри Ламдын кызматтан кетиши тууралуу да талап коюлган. Демонстранттар менен полиция бир канча жолу кагылышкан.

Кытайдын бийлик өкүлдөрү нааразылык акциясына чыккандарды «от менен ойнобоо» тууралуу бир канча жолу эскерткен.

XS
SM
MD
LG