Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Нарындын Кеңеш айылына курулуучу мектептин долбоору даярдалууда


Нарындын Кеңеш айылында курулуучу жаңы мектептин долбоору мамлекеттик экспертизадан өтүп жатат. Бул тууралуу Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, долбоорду иштеп чыгуу 2018-жылы башталган. Ага ылайык мектеп 150 орундуу болот. Мамлекеттик экспертиза аяктагандан кийин курулуштун сметасы аныкталат.

Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы коомчулукта чоң талкууну жараткан.

4-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызынын негизинде кызматтан кеткен. Айрым интернет-сайттар өз булактарына таянып, Нарын облусунун башчысы дагы кызматтан кетерин жазып жатышат.

XS
SM
MD
LG