Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

ИИМ: шектүүнүн милициядагы тууганы кылмышты жашырууга аракет кылган


Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.

Бишкекте эки киши ур-токмокко алынган факты боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык ички иликтөө жүргүзүп, айрым кызматкерлерин жумуштан айдады. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү А.К. ушул эле райондук милициянын тергөө кызматынын башчысы Б.А. кызматынан бошотулду. Райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнүн тескөөчүсү Ж.у.Т. жана анын жардамчысы Б.К. милдетин так аткарбагандыгы үчүн катуу сөгүш алды.

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта шектүүлөрдүн биринин байкеси Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Б.К. кызмат абалынан пайдаланып, кылмышты жаап-жашырууга аракет кылганы жазылат. Учурда Б.К. аттуу милиция кызматкери ички иштер органдарынан бошотулуп, анын аракеттери Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 348-беренеси («Кылмышты жаап-жашыруу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ленин райондук прокуратурасы Бишкекте эки киши катуу сабалган мушташ боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Маалыматка караганда, Бишкектин Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан супермаркеттин жанындагы мушташка катышып, эки кишини катуу сабагандарды окуя болгон жерден милиция алып кеткен. Алар аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилип, кайра коё берилген. Кийин аларга издөө жарыяланган.

Милиция кызматкерлеринин аракети «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат.

28-августта болгон мушташта эки киши жабыркап, бири комага түшүп калган. Бишкек милициясы мушташка катышкан 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековду издеп жатат.

Эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга да тарап, кызуу талкууга алынды. Анда сабалгандардын бирөө катуу соккудан эсин жоготуп, каршылык көрсөтүүгө аракет кылган экинчиси аёосуз тепки жегенин көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG