Линктер

жекшемби, 22-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 01:18

Орусияда 1-майдагы жүрүш боюнча изилдөө жарыяланды


Орусияда митинг учурунда кармалган адам.

Санкт-Петербургдагы «Адамдын кадыр-баркын коргоо» уюму 1-майдагы демонстрацияны кууп таратуу боюнча изилдөөсүн жарыялады. Аны Укук коргоо кеңешинин шаардагы мүчөлөрү жүргүзгөн.

Изилдөөнүн өзөгү жүрүштүн 30 катышуучусунун интервьюсунан жана андагы видео материалдардан турат. Баяндаманын авторлору тынч демонстрацияны күч колдонуп кууп таратуу менен полиция кызматкерлери Орусиянын жана шаардын мыйзамдарын бузган деп эсептейт.

Укук коргоочулар шаардык бийликтен ар кандай акциялар боюнча мыйзамдарды кайра карап чыгууну, ал эми Ички иштер министрлигинен полициянын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу боюнча ички иликтөө жүргүзүүнү өтүнөт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG