АКШнын коргоо министри Марк Эспер аскер имараттарын салыш үчүн казынадан бөлүнгөн каражаттан Мексика менен чектеш жерге 280 чакырым дубал куруш үчүн 3,6 миллиард доллар которууга макул болду.
Чек араны дубал менен тосуу президент Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгүндөгү негизги убадалардын бири болгон. Бирок Конгресстеги демократтар курулушка жетиштүү каражат бөлүп беришкен эмес. Тактап айтканда, президент 6 миллиард доллардан ашык акча сурап, бирок Конгресс 1 миллиард доллар гана бөлгөн.
Трамп чек арага өзү киргизген өзгөчө кырдаал режиминен пайдаланып, бюджеттен аскер тармагына бөлүнгөн акчаны дубал курулушуна жумшоону чечкен. «Америка үнү» Пентагондун өкүлүнүн сөзүнө таянып, каражаттын теңи АКШнын аймагына курула турган аскер долбоорлорунан, ал эми калганы башка өлкөлөрдөгү долбоорлордон алынарын кабарлады.
Демократтар Коргоо министрлигинин чечимин сындап жатышат. Алар акча которуу 127 аскер бөлүктөрүндөгү шартты начарлатып, армиянын сапатына доо кетирерин айтышууда. Пентагон Трамптын буйругу менен мыйзамсыз миграцияны көзөмөлдөш үчүн тартылган армиянын саны дубалдын курулушу менен азая турганын маалымдады.