Мамлекеттик салык кызматы менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
Бишкекте өткөрүлгөн бир күндүк рейд учурунда 430 автоунаа токтотулуп, 68 айдоочу автоунаа салыгын төлөбөгөндүгү аныкталган. Аларга карата тийиштүү актылар түзүлүп, 43 жаран салыкты жеринен төлөсө, 31 кишиге салык төлөгөндүгү тууралуу атайын чаптама берилди.
Мамлекеттик салык кызматы рейддик иш-чаралар жүрүп жаткандыгына байланыштуу транспорт каражаттарынын кожоюндары айдоочунун күбөлүгү менен техпаспорттон тышкары салык төлөгөнү тууралуу квитанцияны да ала жүрсө деп суранат.
Мындан тышкары, транспорт салыгын төлөгөн жарандарга салыктын төлөнгөнү тууралуу атайын чаптама акысыз берилип жатат. Атайын чаптамаларды автоунаанын маңдайына чаптап коюу менен айдоочулар жол кыймыл коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин ашыкча токтотуусунан арылат.
2-сентябрда транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктаганына карабастан, учурда транспорт салыгын жыйноо уланууда. Мөөнөт бүтүп калганына байланыштуу мыйзамга ылайык эми айдоочулар негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар 1 000 сом, юридикалык жактар 5 000 сом өлчөмүндө) административдик айыпты жана ар бир күнгө туумду кошуп төлөйт. (ErN)