Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Парламент Жонсондун Брекзит боюнча чечим кабыл алуусун чектеди


Британ парламентинин Өкүлдөр палатасынын жыйыны кызуу талаш-тартыш менен коштолду.
Британ парламентинин Өкүлдөр палатасынын жыйыны кызуу талаш-тартыш менен коштолду.

Британияда парламенттин Өкүлдөр палатасы 4-сентябрда премьер-министр Борис Жонсондун Брекзит жараяны боюнча планына каршы эки чечим кабыл алды. Анда «Катаал Брекзитке» тыюу салган мыйзам долбоору көпчүлүктөн колдоо тапты. Андан сырткары Жонсон каалаган убакта мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө тыюу салынды. Мыйзам долбоорлору эми Лорддор палатасында каралмакчы.

Өкүлдөр палатасынын 4-сентябрдагы жыйыны бир канча саатка созулду жана кызуу талкуу менен коштолду.

Британияда 2016-жылы Брекзит боюнча референдум өткөн жана анда өлкөнү Европа Биримдигинен чыгаруу тууралуу сунуш колдоо тапкан. Андагы планга ылайык, Лондон шаркеттен быйыл март айында чыгышы керек эле. Буга чейинки өкмөт башчы Тереза Мэй Брюссел менен түзүлгөн келишимдин долбоору менен үч жолу парламентке келген, бирок аны депутаттар колдобой коюшкан. Ошондон улам Мэй кызматтан кетип, шаркеттен чыгуу мөөнөтү 31-октябрга жылдырылган.

Борис Жонсон Брюссел менен макулдашпай туруп деле Брекзит жараянын белгиленген мөөнөттө ишке ашырарын айтып келатат.

XS
SM
MD
LG