Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Кабулдагы кол салууда үч адам ажал тапты


Кабулда ушул аптада эки жолу кол салуу болду.
Кабулда ушул аптада эки жолу кол салуу болду.

Дагы ондогон адам жарадар болгон кандуу окуя бүгүн, 5-сентябрда жергиликтүү убакыт менен эртең мененки саат 10дон өткөндө болду. Маалыматка караганда, бомба Кабул шаарында эл аралык уюмдардын, өкүлчүлүктөрдүн кеңселери жана мамлекеттик мекемелер жайгашкан райондо көзөмөлдөөчү өткөрмө бекеттин жанында жарылды.

«Талибан» кыймылы бул жардырууну да мойнуна алды.

Аптанын башында да эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү жайгашкан «Жашыл зонанын» жанында кол салуу болгон. Анда бери дегенде 16 киши мүрт кетип, 120 киши жараат алган. Бул жардырууну да «Талибан» уюштурганын бышыктаган.

Ушул күндөрү АКШ менен талибдер 18 жылдан берки согушту токтотуу боюнча тынчтык келишими тууралуу дээрлик макулдашып бүтүп калганы кабарланып жатат.

Эки тараптуу макулдашуунун долбооруна ылайык, АКШ Ооганстандагы аскерлерин азайтат, тактап айтканда, 5 миңдей жоокер чыгарылат. Талибдер болсо ооган аймагында террордук уюмдарга башпаанек бербөө тууралуу милдеттенме алышат.

XS
SM
MD
LG