Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:36

Өкмөт улгайган адамдардын жашоосун жакшыртуу планын бекитти


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү 2019-2025-жылдарга Кыргызстанда улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын бекитти.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 5-сентябрда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Планда улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамилени жана зомбулукту болтурбоо, сапаттуу медициналык кызматтарды камсыз кылуу, кедейликтин деңгээлин кыскартуу жана улгайган жарандар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо каралды.

Анын алкагында улгайган курактагы адамдардын өлүмүнүн жана ооруга чалдыгуусунун медициналык-демографиялык көрсөткүчтөрүнө 60-74 жаш, 75-89-жаш, 90 жаш жана андан ашкан курактык категорияларына терең талдоо жүргүзүлөт.

Алыскы жана жетүүгө кыйын райондордогу улгайган адамдарды тейлөө үчүн медициналык-санитардык көчмө кызматты түзүү каралган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG