Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:27

Аба ырайы: 6-сентябрда жамгыр жаайт


Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын аймагы. Иллюстрациялык сүрөт.

6-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градус болот.

6-сентябрда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG