Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

«Дориан» куюнунан өлгөндөр 20 кишиге чамалады


«Дориан» куюну Багам аралдарында кыйсыпыр-кымгуут салды.
«Дориан» куюну Багам аралдарында кыйсыпыр-кымгуут салды.

Багам аралдарында катуу шамалдын кесепетинен 20дай киши өлүп, дагы ондогон адам жараат алды.

Куюндун коркунучу 3-категорияга түшүп басаңдады. Багам аралдарынын премьер-министри Губерт Миннис бул табыгый кырсыкты «муундун кыйрашы» деп сыпаттады.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Марк Лоукок Багам аралдарында кеминде 70 миңдей адам куткарууга, медициналык жардамга, коопсуз баш калкага жана тамак-ашка муктаж экенин билдирди.

Кошмо Штаттардын куюнду иликтеген улуттук борборунун маалыматы боюнча, катуу шамал Атлантика океанынын жээги менен саатына 11,2 чакырым ылдамдыкта АКШны көздөй баратат.

«Дориан» куюнуна байланыштуу бир катар штаттарда өзгөчө абал жарыяланып, миңдеген тургундар коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG