Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Оорулуу депутат Насыр Мусаев мандатын өткөрүп берди


Насыр Мусаев.
Насыр Мусаев.

Ден соолугуна байланыштуу бир жарым жылдан бери кызматтык милдеттерин аткара албай жаткан парламент депутаты Насыр Мусаев мандатын өткөрүп берүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди.

Депутатты ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселесин шайлоо комиссиясы жакынкы күндөрү карай турган болду.

Буга чейин Мусаев кирген «Кыргызстан» фракциясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабековго кат жөнөтүп, аталган депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотууну өтүнгөн.

Мусаев 2018-жылы 18-апрелде ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга расмий киришкен. Ал ооруп, чет жакта дарыланып жаткандыктан, ишке келбей жатканы кабарланган. (ErN\BTO)

XS
SM
MD
LG