Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет менен Юстиция министрлиги чогуу ишке ашырып жаткан «Юридикалык жактарды электрондук каттоо» системасынын ачылышы болду. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеме билдиргендей, ал система менен фирмалар, ишканалар жана мекемелер документтерин онлайн тапшырып, каттала алышат. Процесс Юстиция министрлигинин сайты аркылуу ишке ашат.
Сыналуучу аймак катары тандалып алынган Бишкек шаары менен Чүй облусунан эки субъект ушул тартип менен катталды.
Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башчысы Эмир Зулпуев билдиргендей, система президенттин өлкөнү санариптештирүү тууралуу буйругун аткаруунун алкагында ишке ашып жатат. Анын айтымында долбоор ушул тапта 90% ишке кирди. Долбоор Европа өнүктүрүү жана реконструкия банкынын каржылык колдоосу менен аткарылууда. (ErN)