Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

Президент Жээнбеков Өзбекстандын элчисин кабыл алды


Сооронбай Жээнбеков жана Комил Рашидов.
Сооронбай Жээнбеков жана Комил Рашидов.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-сентябрда Өзбекстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Комил Рашидовду өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы кыргыз-өзбек кызматташтыгы жакшырып, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү көбөйүп, чек ара кызматташтыгы өнүгүп жатканын айтты. Ал Рашидовго эки тараптуу өз ара аракеттерди алдыга жылдырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчи Комил Рашидов Сооронбай Жээнбековго жана кыргыз тарапка өлкөдөгү жемиштүү дипломатиялык миссиясына көмөктөшкөнү үчүн рахмат айтты.

XS
SM
MD
LG