Акын Зайырбек Ажыматовдун «Жүрөктөгү бороон» аттуу китеби жарык көрдү. Китепте негизинен аты айтып тургандай өткөөл мезгилде автордун жүрөгүндө жүрүп келген жеке адамдык, жарандык сезимдери тууралуу сөз болот. 1000 нускада чыккан китептин көлөмү 15 басма табак.
Бул акындын төртүнчү китеби. Буга чейин Зайырбек Ажыматовдун «Жалгыздык» аттуу туңгуч китеби 1996-жылы жарык көргөн. Тогуз жылдан кийин экинчиси «Мелмил» деген ат менен, анан 2011-жылы «Нөлү көп жылдар» деген китеби басылып чыккан.
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезитеринде КТРКнын радио тармагында иштеген. Учурда «Азаттыктын» журналисти. (BTo)