Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Чаткалда эки айылдын тургундары бала бакчаларга 40тай баш мал берди


Бала бакчада өткөн марафондон тартылган сүрөт.
Бала бакчада өткөн марафондон тартылган сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Таш жана Айгыр-Жал айылдарында жаңы балдар бакчалар ачылып, марафон уюштурулду.

Райондук мамлекеттик администрация «Азаттыкка» билдиргендей, жаңы бала бакчанын чарбалык жумуштарын жүргүзүүгө эки айылда марафон өттү.

Анда райондогу мекеме-ишканалардан жана жергиликтүү тургундардан биригип 200 миң сомдон ашык акча, 41 майда жандык жана 1 жылкы түшкөн. Малды марафонго негизинен жергиликтүү тургундар беришкен.

Ак-Таш айылында ачылган 50 орундуу бала бакчага 8 млн. сом, Айгыр-Жал айылындагы 75 орундуу жеткинчектер имаратына 23 млн. сом райондун өнүктүрүү фондунан жана республикалык бюджеттен каржыланган. Райондо жалпы 21 бала бакча бар. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG