Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:08

Футбол: Кыргызстан Тажикстан менен беттешип жатат


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы машыгуу учурунда. БАЭ, Абу-Даби шаары. 10-январь, 2019-жыл.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы машыгуу учурунда. БАЭ, Абу-Даби шаары. 10-январь, 2019-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Тажикстандын курама командасы менен ойноп жатат. Беттеш Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтүп жатат.

Тандап алуу оюндарына катышуу үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин курама командага 23 оюнчуну чакырган. Команданын даярдыгы 1-сентябрда башталган.

Тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. Жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна жана 2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатынын акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат. (GT)

XS
SM
MD
LG