Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Навальный фонду менен «Дождь» телеканалынa бир миллиард рублга доо коюлду


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Москванын арбитраждык сотуна Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фондуна жана «Дождь» телеканалына каршы 1 миллиард рублга доо арыз жазылган. Ал арыздын ээси «Флай-авто» компаниясы «27-июль, 3-август жана 10-август күндөрү массалык башаламандыкта чыгашага учурадым» деп кенемте талап кылууда. Москвада катталган бул компания жеңил автоунааларды лизингге жана ижарага берип иштейт.

Буга чейин Москва метрополитени Навальныйды жана Москванын жергиликтүү шайлоолоруна катталбай калган бир нече талапкерлерди сотко берген. Бирок анда доонун суммасы айтылган эмес.

Ошондой эле катталбай калган талапкерлер менен оппозиционерлерге «Автомобил жолдору» мамлекеттик мекемеси да доомат койгон. Алар чыгымы үчүн 11,5 миллион рубль талап кылып жатышат.

Мындан сырткары 27-июлдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучуларын «Армения» рестораны жана «Анкор» компаниясы сотко берген. Анда акция күнү алар иштебегендиктен 550 миң рубль чыгым тарканын билдиришкен.

27-июль күнү Москванын жергиликтүү шайлоолоруна оппозициялык талапкерлерди катыштыруу талабы менен чыккан нааразычылык акциясында полиция жана Росгвардия 1373 адамды кармап, көптөгөн митингчилерди камаган.

XS
SM
MD
LG