Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Банктын айнегин талкалаганы айтылган кыз кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ичик иштер башкармалыгы банктын айнегин талкалаганы кабарланган кыздын тек-жайы аныкталып, кармалганын билдирди. Бирок азырынча шектүүнүн аты-жөнү айтыла элек.

9-августта «Оптима Банктын» өкүлдөрү имаратынын терезесин талкалап кеткен белгисиз кызга чара көрүп берүүнү өтүнүп милицияга арыз жазышкан. 9-август түнү саат 12лер чамасында 20-25 жаштагы кыз Панфилов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Оптима Банктын» эшигинин айнегин талкалап кеткен. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

8-август мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин Бишкектин айрым көчөлөрүндө башаламандык болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG