Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:00

ИИМ: 50 киллограммга жакын баңгизат кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматы баңгизаттарды даярдап сатып жүргөн кылмыштуу топту колго түшүргөн. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

ИИМдин аталган кызматынын ыкчам иликтөө кызматкерлери атайын операциянын алкагында шектүүлөрдүн биринин үйүнөн 49 киллограмм 600 грамм салмагында марихуана (кара куурай) табышкан. Ошондой эле алар атайын талаада Индия кара куурайын эгип, өстүрүп жүрүшкөнү аныкталган. Жалпы жолунан ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 2 тонна 5 киллограмм каннабис (кара куурайдын өсүп турганы) алынды.

Учупда бул кылмыш ишине тиешеси бар деген башка кишилерди аныктап, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG