Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Адвокат Айткуловдун иши боюнча сотко чейинки тергөө аяктады


Икрамидин Айткулов.
Икрамидин Айткулов.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы адвокат Икрамидин Айткуловго карата «Алдамчылык» беренеси менен козгогон иштин сотко чейинки тергөөсү аяктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Башкармалык шектүү Айткуловду жана анын жактоочусун кылмыш ишинин материалдары менен тааныштырды. Жакын арада иш прокуратурага жана сот органдарына өткөрүлүп берилет.

24-августта Бишкектин Свердлов райондук соту адвокат Икрамидин Айткуловду 21-октябрга чейин үй камагына чыгарган. Айткулов ага карата иш козголгонун ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду жактай баштаганы менен байланыштырарын, ага коюлуп жаткан айып негизсиз экенин билдирип келет.

Адвокат 22-августта Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камалган. Ага каршы жергиликтүү тургун 2018-жылдын сентябрында арыз жазып, «беш жарым миң долларга алдап кетти» деп айыптаган. Жактоочуга Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») боюнча шек саналып жатканы тууралуу маалымдама берилгенин Бишкек милициясы кабарлаган. Адвокаттын 32 жаштагы уулу Азамат Айткулов да алдамчылык боюнча шек саналып жатканы жөнүндө расмий кабар таратылган.

Айткулов - «милициянын кызыкчылыгын саткан» деген негизде кызматтан алынган Курсан Асановдун адвокаты. Асанов 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин иштен алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG