Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:38

Башкы штаб: аскер лицейинин курсанттары уруксатсыз чыгып кетишкен


Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи.
Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинен 50дөн ашык курсант уруксатсыз чыгып кетип, кайра окуу жайга кайтып келишкенин кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева «Азаттыкка» курсанттар чуркоо үчүн чыгып кетишкенин айтты.

«Бул окуя кечээ болгон. 50дөн ашык курсант уруксатсыз чыгып кетип, кайра 9:30да окууга келишкен. Азыр иликтөө жүрүп жатат. «Эмне болду?» деп сурасак «биз каникулдан келгенден кийин шартка көнө элекпиз» дешти. Алар Түштүк магистраль жактан чуркап кайра келишкен. Алар 2-3 сааттай жок болушкан», - деди Жарашева.

Маалыматка караганда, аскер лицейинен уруксатсыз чыгып кеткен 55 курсант 2-курста же башкача айтканда 11-класста окушат. Айрым массалык маалымат каражаттары алар лицейдеги катуу тартиптен улам качып чыгышканын жазышты.

Бирок Башкы штабдын басма сөз кызматы сөз болуп жаткан балдар экинчи жылы окуп жатышканын, окуу 2-сентябрда гана башталганын кошумчалады. (BTo)

XS
SM
MD
LG