Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:28

Эмилбек Алымкулов өкмөттүн Нарындагы өкүлү болуп дайындалды


Эмилбек Алымкулов.

Эмилбек Алымкулов өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-сентябрда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мунун алдында ал Нарын шаарынын мэри кызматынан өз арызы менен бошотулган.

Ушул эле күнү Аманбай Кайыпов берген арызына ылайык өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан алынган.

Кайыпов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы 5-сентябрда белгилүү болгон. Бирок анын себептери ачык айтылган эмес.

Кеңеш айылындагы контейнерден курулган мектеп чуусуна жана мурдараак чыккан Солтон-Сары кениндеги жагдайларга байланыштуу анын жумуштан кетишин талап кылгандар болгон. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (20)

XS
SM
MD
LG