Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Насыр Мусаевдин ордуна партиянын тизмесине ылайык Бектен Сыдыгалиевге мандат тапшырылды.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады. Мусаев мандатын өткөрүп берүү боюнча 5-сентябрда арыз жазып, БШК аны бүгүнкү отурумунда карады. Ал ден соолугуна байланыштуу бир жарым жылдан бери кызматтык милдеттерин аткара албай жаткан.
Мусаев 2018-жылы 18-апрелде ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга расмий киришкен. Ал ооруп, чет жакта дарыланып жаткандыктан, ишке келбей жатканы кабарланган.
Ал эми Бектен Сыдыгалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Антикоррупциялык кызмат түзүлгөндө биринчи жетекчиси болгон. Кийин атайын кызматтын төрагасынын биринчи орун басары кызматын да аркалаган. (BTo)