Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:03

Зимбабвенин экс-президенти Роберт Мугабе көз жумду


Роберт Мугабе менен анын жубайы Грейс.
Роберт Мугабе менен анын жубайы Грейс.

Зимбабвенин мурдагы президенти, Африканы деколониялаштыруу кыймылынын лидерлеринин бири, диктатор Роберт Мугабе 96 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу маалыматты анын үй-бүлөсү Би-Би-Сиге бышыктады.

Мугабе Зимбабвени 37 жыл бою башкарган. Эки жыл мурун кызматтан өз эрки менен кеткен. Анын алдында Мугабенин кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары өтүп, өлкөдө саясий кризис жаралган. Бийлик армиянын колуна өтүп, Мугабе үй камагына алынган.

Мындан мурдараак ошол кездеги вице-президент Эммерсон Мнангагва кызматтан алынып, анын ордуна Мугабенин 53 жаштагы аялы Грэйс дайындалган болчу.

Парламент ошол кезде Мугабеге импичмент жарыялоону пландаштырып жаткан. Импичментте «президент өз жубайына конституциялык бийликти узурпациялоого жол берген», «жашы улгайгандыктан өлкөнү жетектей албай калды» деген негиздемелер да киргизилген.

XS
SM
MD
LG