Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Футболчулар Мамаев менен Кокорин абактан шарттуу бошотулат


Александр Кокорин менен Павел Мамаев.
Александр Кокорин менен Павел Мамаев.

Орусиянын Белгород облусунун соту Орусиянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы мүчөлөрү, абактагы Александр Кокорин менен Павел Мамаевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу өкүм чыгарды. Ошондой эле Кокориндин иниси Кирилл да бошоду.

Алар былтыр октябрь айында Москвада көчөдөн жана ресторандардын биринде мушташ чыгарып, бейтааныш адамдарга кол көтөргөн деген айып менен камакка алынган.

Быйыл май айында Москва шаарындагы Пресненск райондук соту футболчуларды күнөөлүү деп тапкан жана ар бирин 1,5 жылга эркинен ажыраткан.

Павел Мамаев - «Краснодар» клубунун жарым коргоочусу, ал эми Александр Кокорин - «Зениттин» чабуулчусу.

XS
SM
MD
LG