Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

«Дориандын» кесепетинен өлгөндөр 30 кишиге чамалады


Куюндан жабыркаган Багам аралдары.
Куюндан жабыркаган Багам аралдары.

Багам аралдарында «Дориан» куюну салган кыйсыпыр-кымгуутта өлгөн адамдардын саны 30га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Дюэйн Сэндс билдирди. Ал катуу шамалдын кесепетинен ажал тапкандардын саны «үрөй учурушу» мүмкүн экенин эскертти.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Марк Лоукок Багам аралдарында кеминде 70 миңдей адам куткарууга, медициналык жардамга, коопсуз баш калкага жана тамак-ашка муктаж экенин маалымдаган.

«Дориан» 5-сентябрда Атлантика океанынын АКШдагы жээгине жетти. Куюндун коркунучу 2-категорияга түшүп басаңдады, бирок дагы эле кооптуу бойдон калууда.

Катуу шамалга байланыштуу бир катар штаттарда өзгөчө абал жарыяланып, миңдеген тургундар коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG