Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратып, 9-сентябрда жана 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда катуу жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшөрүн эскертти. 11-12-сентябрда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2°ка түшүп, үшүк жүрүшү ыктымал.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерине, жол каттамына, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишине түйшүк жаратып, жайыттарда малды багууну кыйынчылыкка учуратат.
7-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;
Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5 суук, күндүз 5…10 градус болот.
7-сентябрда Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 24…26° болот. (ErN)