Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Ош мэриясы Маданият министрлигине каршы даттанарын эскертти


Ош шаарындагы бузулган тротуар.
Ош шаарындагы бузулган тротуар.

Ош шаарынын мэриясы Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каршы укук коргоо органдарына даттанарын эскертти. Бул тууралуу «Азаттыкка» мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматов билдирди.

Шаар жетекчилигин нааразылыгына Ош шаарынын Навои көчөсүнүн тротуары казылган бойдон үч айдан бери бүтпөй жатканы себеп болгон. Ал жер аталган министрликке караштуу Оштогу Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияга жылуулук тартып кириш үчүн казылган.

Мэрия билдиргендей, тендерден уткан компания менен филармония жетекчилигинин ортосундагы пикир келишпестиктен улам маданий мекемеге чейинки казылган аралык казылган бойдон кала берген. Натыйжада ал шаардыктарга жана ишкерлердин соодасына тоскоолдук кылууда.

Филармониянын директору Гүлшайыр Садыбакасова ортодогу «Алай» мейманканасы жерди казууга уруксат бербегендиктен долбоорду кайра түзүп жатканын айтты.

Бул ортодо казылган тротуардан улам иши жүрүшпөй калган бир нече ишкер да соодасы солгундаганы тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигин сотко берүүгө ниеттенип жатканын билдиришүүдө. (YI\ErN)

XS
SM
MD
LG