Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Түркияда Кыргызстандын маданият күнү өттү


Кыргызстандын Түркиядагы маданият күнү.
Кыргызстандын Түркиядагы маданият күнү.

6-сентябрда Түркиянын борбору Анкарада түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрү катышкан маданий фестивалда Кыргызстандан келген өнөр адамдары да концерттик программасын тартуулашты. Бул жылы 19-жолу уюштурулуп жаткан фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан сыяктуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн өнөрпөздору катышууда.

Фестиваль «Түрктүн тою» деп аталып, конокторго ар бир өлкөнүн нукура маданиятын көрсөтүүнү максат кылат. Анкарадагы маданий иш-чара 8-сентябрга чейин уланат.

Эки өлкөнүн борборлору Анкара жана Бишкек шаарлары 1992-жылы «бир тууган шаарлар» наамын алышкан. Анкара шаарында Бишкек жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү бар. (ElB)

XS
SM
MD
LG