Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Мушташка катышкандарды жашырды деген милиция кызматкерлери кармалды


Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.

Баш калаада эки кишини катуу сабаган балдарды жашырды деп шек саналган Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 6-сентябрда Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы Э.С. жана М.К. Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

28-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ярмарка” дүкөнүнүн жанындагы мушташта эки киши катуу сабалып, ага шектүү катары изделип жаткандар Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков 6-сентябрда кармалган.

УКМК тараткан маалыматка караганда, окуя болгон жерге Чүй облустук милициясынын уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылууга аракет кылган. Бишкек шаардык милициясынын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен биргеликте сүйлөшүп алып аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган.

Окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 348-беренеси («Кылмышты жаап-жашыруу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынды. Анда сабалгандардын бири катуу соккудан эсин жоготуп, каршылык көрсөтүүгө аракет кылган экинчиси аёосуз тепки жегенин көрүүгө болот.

5-сентябрда Бишкек шаарынын Жал кичирайонундагы жапырт мушташта жабыр тарткандардын жакындары нааразылык акциясына чыгып, окуяга күнөөлүүлөрдү тез арада кармап, жазага тартууну талап кылышкан. Окуяны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көзөмөлүнө алып, күнөөлүүлөрдү таап, жазалоону тапшырган. (КЕ)

Чоң муштумдарды жазалоону талап кылган акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:47 0:00

XS
SM
MD
LG