Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Өспүрүм 4-кабаттан кулап түштү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Курчатов көчөсүндө жайгашкан толук бүтө элек үйдүн 4-кабатынан 16 жаштагы өспүрүм кулап түштү.

Бул маалыматты Бишкек милициясынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады. Өспүрүм баланын бийиктен кулашынын себептери айтылган жок. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө-териштирүү иштери жүрүп жатат.

Дарыгерлердин айтымында, 6-сентябрда кулаган баланын мээси чайкалган. Мээсине кан куюлуп, баш сөөгү сынышы ыктымалдыгын айтышкан. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG