Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:12

«Дориан» куюнунан өлгөндөрдүн саны 43кө жетти


«Дориан» куюну Багам аралдарында кыйсыпыр салды.
«Дориан» куюну Багам аралдарында кыйсыпыр салды.

Багам аралдарында катуу шамалдын кесепетинен өлгөн адамдардын саны 43кө жетти.

Буга чейин алардын саны 30дай экени айтылып жаткан. Би-Би-Синин маалыматына караганда куюндан кийин аман калган жүздөгөн адамдар салыштырмалуу коопсуз жерлерге кетүүгө аргасыз болууда.

Миңдеген тургундар эвакуацияны күтүп турушат. NBC телеканалы премьер-министрдин өкүлү Эрика Веллс Кокска шилтеме кылып, көптөгөн адамдардын дайыны чыкпай жатканын жана куюндун курмандыктары мындан да көп болушу ыктымал экенин кабарлады.

Эл аралык Кызыл чырым уюмунун маалыматына караганда, куюндун кесепетинен 13 миңдей үй талкаланып же жабыркаган.

Түштүк Каролина жана Жоржия штаттарындагы 220 миңдей тургун жарыксыз калды. Ушул штаттарда, Түндүк Каролинада, Флоридада өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

«Дориан» 5-сентябрда Атлантика океанынын АКШдагы жээгине жеткен. Куюндун коркунучу 2-категорияга түшүп басаңдаганы айтылып, бирок дагы эле кооптуу бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG