Кыргызстандын аймагында 8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз тоолуу райондордо жаан-чачын жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12 градус болот.
8-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…10°, күндүз 23…25 градус болот.